Create4 Кыргызстандын жана Борбор Азиянын ийгиликтүү жаратмандарын жана креативдүү кесипте өзүн издеп жүргөндөрдү бириктирген Кыргызстандагы креативдүү индустриялардын эң ири фестивалы.
Быйыл Create4 #jaratmanKyrgyzstan урааны астында өтүп, ар бирибизди өзүбүздөгү жаратманды таанууга үндөйт. #jaratmanКыргызстан – бул өз ишин, жерин сүйгөн жана күн сайын токтобой эмгектенген адамдардын биримдиги.
20-21-апрель күндөрү сизде мыкты креативдүү коомчулуктун мүчөсүнө айланып, биз менен бирге #jaratmanKyrgyzstan курууга уникалдуу мүмкүнчүлүк бар!
Быйыл Create4 фестивалы өлкөнүн бардык аймактарында өтөт! Андыктан, сиз фестивалдын өзүңүзгө эң жакын жердеги ордуна барып, катышуучусу боло аласыз.
Create4 бул өлкө боюнча 50 тең-уюштуруучулардын катышуусу менен уюштурулчу 36 иш-чара. Ар бир өнөктөш сиз үчүн өзүнүн уникалдуу өнүмүн даярдап жатат! Сизде өз шаарыңызда өткөрүлчү бир же бир нече иш-чараларга бекер катышуу мүмкүнчүлүгү бар: жаңы билимге ээ болуу, пайдалуу байланыштарды түзүү, өзүңүздү креативдүү кесипте сынап көрүү же шаар ичинде жөө саякатка катышуу.
Келе албайсызбы? Сиздин шаарда өткөрүлчү иш-чара жок бекен? Кабатыр болбоңуз - бул үчүн биз жарат4cast деп аталган 24 сааттык подкастты жаратмандар менен ишке киргизебиз!
Биздин социалдык тармактарга катталып, #жаратманКыргызстан эң ири жана креативдүү кыймылынын мүчөсү болуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбаңыз!
QARA STUDIOS-тун башкы директору. Еркебулан - OYU Live music долбооруна өмүр берген продюсер, жаштардын OYU Fest фестивалынын негиздөөчүсү. QARA STUDIOS кинокомпаниясы Айсултан Сеитовдун «Каш», Даурен Камшибаевдин «Зере» жана Олжас Баялбаевдин «Взаперти» аттуу үч дебюттук тасмасын жарыкка чыгарган. Еркебулан Казахстандагы креативдүү индустрияларынын экосистемасын жакшыртууга кызыкдар Алматынын жаратмандарынын бири.
Голливуддун чет элдик басма сөз ассоциациясында (Алтын глобус) Борбордук Азиянын биринчи өкүлү жана Лос-Анжелестеги Азия дүйнөлүк кинофестивалынын Башкаруучу директору. Аселдин өнүгүү жолу бай, ал ар дайым лидер болуп, учурда өзү катышып жаткан тармактын ийгилигине салымын кошуп келет.
Seed Almaty агенттигинин креативдүү директору.
SEED агенттиги Борбордук Азия жана Азербайжандын рейтингинде №2. Jolbors версиясы боюнча Жылдын мыкты
агенттиги. AdBlackSea фестивалынын Үч Мыктыларынын катарында (Топ3). Эл аралык бренддер – LG, Mars, PepsiCo,
Nivea, KFC, Carlsberg, Visa, Unilever жана ошондой эле Казакстандын жергиликтүү бренддери менен иштөө боюнча
чоң тажрыйбасы бар.
Ал түрдүү эл аралык фестивалдарда 50дөн ашык сыйлыктарга ээ: Clio Awards, Epica, MadStars, Spikes Asia,
AdBlackSea, KIAF, Golden Drum, White Square, JolBors, E+, Young Lions Kazakhstan.
Наил KIAF, White Square, Young Lions Kazakhstan, Young Spikes Central Asia, TAF эл аралык жана жергиликтүү
фестивалдарынын калыстар тобунун мүчөсү болгон.
Сабина Рейнголд Jolbors жана Pointy стратегиялык студиясынын тең негиздөөчүсү. Креативдүү индустрияларда 15 жылга жакын тажрыйбага ээ. Кардар тарапта да, агенттик тарапта да иштеген. Ал Beeline (Кыргызстан), К.Д.Куликовский (Кыргызстан жана Казакстан), Friends Moscow чыгармачылык агенттигинде иштеген.
Lokals Central Asia жарнама агенттигинин башкы директору, TBWA Tashkent-тин креативдүү директору. Lokals Central Asia жана TBWA Tashkent кейстери көрүүчүлөрдүн жүрөгүн козгой алган жөндөмү жана креативдүү өзгөчөлүгү үчүн эң мыкты баага татыктуу. Фархат Норбаевдин жетекчилиги астында иштеген агенттиктер Ташкентте жана Борбор Азияда маркетинг жана креативдүү жарнама чөйрөсүндө чыгармачылыктын чеги менен ылдамдыгын аныктап келет.
“Курак-Кыргыз Республикасындагы креативдүү индустриялардагы айымдар менен кыздарды колдоо” долбоорунун бет ачары
Адаттагыдай эмес кино сыйкырчылыгы жаралган студиянын кызыктуу көшөгө артындагы бөлүгү менен тааныштырчу экскурсия. Ошондой эле чыныгы съёмкалар кандай болуп жатканын көрүп, кино жаратуучулар менен тааныша аласыз.
Мектеп окуучулары үчүн келечектеги кесиптер тууралуу көбүрөөк билүү мүмкүнчүлүгү менен чыгармачыл кесиптердин форуму
Маркетинг боюнча карьераны кыялданасызбы? Агенттиктин атмосферасына чөмүлүңүз. Бир күнгө чыныгы маркетолог болуңуз. Тажрыйбалуу адистердин жетекчилиги астында долбооруңузду түзүңүз.
Кинематографтын тренддери менен көйгөйлөрү, санарип перспективалары
Бул жерде сиз позитивдүү медиа контенттин маданияты менен таанышасыз. Ошондой эле чебер-класс өтөт, анда сиз кантип позитивдүү блоггер болууну үйрөнөсүз
Тажрыйба алмашуунун аянтчасы жана өз алдынча искусствонун системасын децентрализациялоого түрткү! Көргөзмө мейкиндигине барып, заманбап искусство жөнүндө дайджестин алыңыздар!
Вы практикуете йогу или только планируете? Посетите локацию йога-дома и погрузитесь в мир медитации.
Бишкек эсимде: Городские карты памяти
Go - дүйнөдөгү эң эски жана эң популярдуу стратегиялык стол оюндарынын бири. Анда өзүңүздү сынагыңыз келсе, Go оюну боюнча профессионалдардын чебер-классына келиңиз.
Жаш муундарга жаратман (креативдүү) экономика жөнүндө маалымат берүүгө багытталган балдар жана өспүрүмдөр үчүн бүтүндөй программа. Кино сеанстар, кызыктуу лекциялар, жылдыздарды кароо. Сыйкырдуу угулат, туурабы? Анда кошулуңуздар!
Колорадодон келген коноктор жаратылыш искусствосун түзүү боюнча жергиликтүү тажрыйба менен бөлүшө турган жолугушуу.
Creaton — 9-11-класстын окуучулары үчүн бизнес жана IT идеяларынын эң ири таймашы! Өзүңүздүн бизнес-идеяларыңызды кантип түзүп, жайылтса болоорун үйрөнөсүз, ийгиликтүү долбоорлорду түзүүнүн сырларын ачасыз, өз идеяларыңызды ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү менен таанышасыз, ошондой эле акчалай сыйлык үчүн ат салышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болосуз.
Креативдүү бизнес үчүн салыктар
Create4 фестивалынын эң табиттүү жери, анда сиз тажрыйбалуу шеф-ашпозчунун чебер классына катышып, жана албетте, жасаганыңыздын баардыгын даамдап көрө аласыз.
Бет ачаар "Менеджмент жана бий. Экөөнүн ортосунда кандай байланыш?"
Белгилүү кыргыз кинорежиссеру Актан Арым Кубаттын арт резиденциясына баргыңыз келеби? Анда убактыңызды бөлүп, кыргыз кино тармагынын “керемети” менен таанышыңыз
Чеберлердин колдоосу астында жаныбарларды жасоо, мончоктон токуу чебер-класстарын ала аласыз
Колго тигилген чапандардын жарманкеси
Кол өнөрчүлүк менен койдун уяң жүнүнөн жип ийрүүнү жаштар арасында жайылтуу максатында чебер класс
Автордук принт менен кооз футболка алгыңыз келеби? Анда Custom Day-ге катышып, өз кийимиңизге экинчи жашоо тартуулаңыз
Ата-бабаларыбыздын атмосферасына сүңгүүгө мүмкүндүк бере турган этножарманке
Үй-бүлөңүзгө эң сонун белек – эч качан соолубай турган токулган гүлдөрдү сатып алсаңыз болот.
Шоколад сүйүүчүлөрү кесипкөй шоколадчылар менен таанышууга, ошондой эле десерттерди татып көрүүгө эң сонун мүмкүнчүлүк алышат
Create4ARTZONE Адистерден чебер-класстар, көргөзмөлөр,, лекциялар жана мыкты мелдештер.
Өзүңүздү искусствонун призмасы аркылуу көргүңүз келеби? Көркөм өнөр, кол өнөрчүлүк, мода көргөзмөсү, музейдин аянтчасында ачык асман алдындагы музыка, оюндар жана бий сиздерди кучак жайып күтүп алат.
Публика менен театралдык перформанс аркылуу мамиле түзүү, креативдүүлүк менен искусствону өнүктүрүү. Хеппининг.
IT дүйнөсү менен таанышып, анда өз ордуңузду табыңыз! Европалык ЖОЖго тест тапшырып, өзүңүзгө тылайыктуу кесип тандоо тестинен өтүү уникалдуу мүмкүнчүлүгүн алыңыз.
"Жашыл Гараж: Коомчулук Стиль жана аң-сезим". Мурда колдонулган эксинин жаңысы болгон оокатын сатууга кызыкдар адамдар үчүн платформа. Эко ишкерлерди колдоонун уникалдуу мүмкүнчүлүгү.
“Архитектуралык форма” workshop. Биринчи бөлүгү турмушта колдонулуучу моделирование, экинчи бөлүгү - талкуулоо жана түшүнгөн нерсенин негизинде соцтармакка контент жаратуу.
Creaton — 9-11-класстын окуучулары үчүн бизнес жана IT идеяларынын эң ири мелдеши! Өзүңүздүн бизнес-идеяларыңызды кантип түзүп, жайылтса болоорун үйрөнөсүз, ийгиликтүү долбоорлорду түзүүнүн сырларын ачасыз, өз идеяларыңызды ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү менен таанышасыз, ошондой эле акчалай сыйлык үчүн ат салышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болосуз.
Чеберлердин колдоосу астында жаныбарларды жасоо, мончоктон токуу чебер-класстарын ала аласыз
Кол өнөрчүлүк менен койдун уяң жүнүнөн жип ийрүүнү жаштар арасында жайылтуу максатында чебер класс
Автордук принт менен кооз футболка алгыңыз келеби? Анда Custom Day-ге катышып, өз кийимиңизге экинчи жашоо тартуулаңыз
Ата-бабаларыбыздын атмосферасына сүңгүүгө мүмкүндүк бере турган этножарманке
Үй-бүлөңүзгө эң сонун белек – эч качан соолубай турган токулган гүлдөрдү сатып алсаңыз болот.
Шоколад сүйүүчүлөрү кесипкөй шоколадчылар менен таанышууга, ошондой эле десерттерди татып көрүүгө эң сонун мүмкүнчүлүк алышат
Өзүңүздү искусствонун призмасы аркылуу көргүңүз келеби? Көркөм өнөр, кол өнөрчүлүк, мода көргөзмөсү, музейдин аянтчасында ачык асман алдындагы музыка, оюндар жана бий сиздерди кучак жайып күтүп алат.
Публика менен театралдык перформанс аркылуу мамиле түзүү, креативдүүлүк менен искусствону
Фото жана видео индустриялар тууралуу маалымдуу болуп, канткенде фотосүрөтчүлүк өнөрдөн акча тапса болоорун билесиз